Пятница, 19 апреля

Түркия үч эле айда туризмден 3 миллиард 628 миң доллар киреше тапты

0

Түркиянын туризм кирешеси, бул жылдын экинчи чейрегинде 3 миллиард 3 миллион 628 миң долларды түздү.

Түркия статистика мекемеси (ТҮИК) бул жылдын апрель-июнь мезгилине карата туризм статистикасын жарыялады. Ага ылайык, туризмден түшкөн киреше 2-чейректе 3 миллиард 3 миллион 628 миң доллар болду. Туризм кирешесинин 73,1 пайызы чет өлкөлүк туристтерден түшкөн.

Чет элдиктер Түркияга негизинен «саякат, көңүл ачуу, спорттук жана маданий иш-чаралар» үчүн келишет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз