Воскресенье, 19 мая

Тажиктер чек арага кайра эле дубал урууда

0

Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында тажик тарап такталбаган жер тилкесине дубал уруп жатышат.

Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундар кабарлаган. Маалыматка караганда дубал бир канча апта мурда курула баштаган.

«Ал жерде дубал тургузулуусу, деги эле эч кандай курулуш иштери жүргүзүлүүсү мүмкүн эмес. Биздин каршы чыгуубуздан кийин курулуш ишин токтотушту, бирок курулганды кулатышкан жок» — дейт айыл башчысы Максат Кубат Нышанов.

Азырынча бул туурасында УКМКнын чек ара кызматы жана президенттин аймактагы өкүлчүлүгү комментарий бере элек.

Тажик тараптын бул аракети социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, элдин нааразычылыгын жаратууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз