Пятница, 22 ноября

Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасын колдонуу убактылуу токтотулду

0

Кыргызстан коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу 6-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Буга Жалал-Абадда аталган вакцинаны сайгандан кийин 44 аскер кызматкеринин абалы начарлаганы себеп болгону, бул окуя менен вакцинанын байланышы барбы же жокпу, аныктоо үчүн республиканын бардык аймактарында аны колдонуу убактылуу токтотулганы маалым болду.

“Азыр 44 аскер кызматкеринин баарынын абалы туруктуу, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө” деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Жалал-Абад облусуна Astra Zeneca вакцинасынан 4000 доза жөнөтүлгөн, анын 211и сайылган. Окуя болгон Ала-Бука аскердик бөлүгүндө 90 кызматкер эмделген.

Буга чейин вакцинадан кийин абалы начарлагандар тууралуу маалымат катталган эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз