Суббота, 18 мая

Борбор Азия лидерлери кызматташтык маселелерин талкуулашты

0

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары консультативдик жолугушуусу 5-6-августта Түркмөнбашы шаарында (Түркмөнстан) өттү. Жыйынга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты.

Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Билдирүүдө «Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт жана коммуникация тармактарындагы региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашты», — деп айтылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз