Пятница, 22 ноября

Оштуктарга асылган Аслан Сартбаевге каршы иш козголду

0

УКМК «Азия Ньюс» басылмасынын башкы редактору Аслан Сартбаевдин үстүнөн Кылмыш кодексинин 313-беренеси («Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактык кастыкты козутуу») боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Эми журналисттин Интернетке жарыялаган материалынын мазмуну тиешелүү экспертизадан өткөрүлөт.

Аслан Сартбаев «Фейсбуктагы» баракчасына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Таалайбек Сарыбашовдун кызматкерлери менен сүйлөшүп отурган сүрөтүн жарыялап аларды “оштук ромашкалар” деп атаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз