Пятница, 22 ноября

Токио Олимпиадасына катышкан спортчулар мекенине кайтып келди

0

Токио Олимпиадасына катышкан кыргызстандык спортчулар мекенине кайтып келди.

«Манас» аэропортунан спортчуларды ата-энелери, жакындары, күйөрмандары тосуп алды.

Токиодогу жайкы Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык курама командага арналган салтанаттуу иш-чара Ала-Тоо аянтында уюштурулууда.

Жайкы Олимпиада оюндарынан грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынып келди.

Жалпысынан Токио Олимпиадасына 16 спортчу катышкан, акыркысы болуп бүгүн жөө күлүк Дарья Маслова жарышка чыкты. Ал 88 жеңил атлеттин арасынан 36-болуп марага жетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз