Талибан тобу Афганистандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясынын Кундуз шаарын ээлеп алды. Жергиликтүү бийлик, стратегиялык аймактын баардыгы Талибандын карамагына өткөнүн маалымдады. Аймактын ар кайсыл жерине Талибандын байрагы асылды.
Бир жумада эле талибандар Афганситандын көптөгөн аймактарын басып алууга үлгүрдү. Өткөн жума күнү өлкөнүн түштүк-батышында жайгашкан Заранж шаарын өз көзөмөлүнө алса, дээрлик бир күндөн кийин эле Жауздан провинциясынын Шибарган шаарын басып алды.
Афганистандын Шибарган шаары өзбектер эң көп жашаган шаар болуп эсептелинет. Өзбек генерал Рашид Достумдун чеби катары белгилүү болгон бул шаарда эми Талибандын байрактары желбиреп турат. Өзбектер жашаган Сарыпул шаары да Талибандын көзөмөлүнө өткөнү айтылууда.
Мурдараак айрым маалымат каражаттары, Рашид Достумдун үйү өртөлгөнү, ал эми жакынкы убакытка чейин Афганистандын вице-президенти болуп келген генералдын кайда экени белгисиз экенин маалымдаган.
Талибан уюмунун ишмердүүлүгү Кыргызстандын аймагында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен террористтик деп тыйуу салынган.