Воскресенье, 24 ноября

Казакстан Түркияга өрт өчүргүчтөрдү жиберди

0

Түркияда уланып жаткан токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам иретинде Казакстан 2 тик учак менен 16 кишилик өрт өчүргүч тобун жиберди.

Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилген маалыматта президент Касым Жомарт Токаевдин көрсөтмөсү менен министрликке караштуу MИ-8 моделиндеги 2 тик учак жана 16 кишилик атайын топ токойлордогу өрттөр менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Түркиянын Мугла шаарына учуп кеткендиги билдирилди.

Маалыматта Казакстандын Түркиядагы өрттөн зыян тарткан токойлордун калыбына келтирилиши үчүн гуманитардык жардам берүүгө да даяр экендиги белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз