Воскресенье, 19 мая

Шавкат Мирзиеев кайрадан президенттикке талапкер болду

0

Өзбекстанда быйыл 24-октябрда боло турган шайлоого учурдагы президент Шавкат Мирзиеевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Өзбекстан Либерал-демократ партиясынын саясий кеңеш жыйынында Мирзиеевдин  талапкер көрсөтүлүшүнө чечим чыгарылды. Мирзиеев 2016-жылы болгон президенттик шайлоодо да Либерел-демократтар партиясынын талапкери болуп шайлоодон жеңип чыккан.

Мындан мурда Экология партиясы, «Адилеттик» социал-демократиялык партия, «Миллий тикланиш» (Улуттук өнүгүш) партиясы өздөрүнүн президенттикке талапкерлерин жарыяланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз