Вторник, 7 мая

Эксперт: Канадалыктар менен соттошууда Аскар Акаев көзүр болуп берет

0

Казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаев Аскар Акаевдин Кыргызстанга күтүүсүз кайтып келишин жана бийлик менен кызматташуусун Би-Би-Сиге талдап берди.

Сатпаевдин ою боюнча, азыркы кыргыз  бийлиги үчүн, Акаев, канадалык инвесторлор менен сотто көзүр болгону калды. Ал эми Садыр Жапаров үчүн мындай көзүрдүн болушу абдан маанилүү. Буга кошумча Садыр Жапаровго Акаевдин Кыргызстанга кайтып келиши парламенттик шайлоо алдында абдан жакшы реклама болуп берүүдө.

Досым Сатпаев Акаевдин Кыргызстанга кайтып келиши Кремль менен макулдашылган деген пикирин да айтты. Ал “Акаевге бул үчүн Садыр Жапаровдон эле эмес, Кремлден дагы  кепилдиктер берилген. Кыргызстанга көрсөтмө берүүгө бара турган болсо Акаевге Россиядан “эч нерсе кылбайт” деген убада болсо керек” – деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз