Понедельник, 13 мая

Ирандык спортчу нокаут болсо да алтын медаль алды (Видео)

0

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Ирандык каратист Саджад Ганджзадеге нокаут болсо да алтын медаль берилди. Ганджзаде 75 килограмм салмак категориясы боюнча кармашка чыккан. Финалда Сауд Аравиядан келген Тарек Хамеди менен беттешкен. Хамеди Ганджзадени моюн жагына тепкенде ирандык спортчу эсин жоготуп нокаут болгон. Эсин жоготуп койгон Ганджзадени залдан көтөрүп чыгышкан.

Эсине келген Ганджзадеге машыктыруучусу жеңишке жетишкенин айткан. Себеби сауд аравиялык спортчу тыюу салынган ыкманы колдонгон жана ошол себептен оюндан четтетилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз