Пятница, 17 мая

Рейд: 10 күн ичинде миңдеген айдоочу жол эрежесин бузду

0

Жайкы туристтик сезон учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында Чүй жана Ысык-Көл облустаруна кошумча күч иретинде жөнөп кетишкен Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 28-июлдан 8-августка чейин жалпысынан 1 миң 236 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталган.

Алардын ичинен;

— мас абалында автоунаа башкаруу — 33;

— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 5;

— айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаруу — 13;

— коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар — 893;

— башка жол эрежелерин бузуулар — 282. Ал эми 35 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

«Азыркы учурда Чүй жана Ысык Көл облустарыын аймактарына бөлүнгөн милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн күзөт ордуларында күнү-түнү кызмат алып барууда», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз