Воскресенье, 19 мая

Климаттын өзгөрүшү жайылып, тездеп жана күчөп баратат

0

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) карамагындагы Өкмөттөр аралык климаттын өзгөрүүсү панелинин жаңы отчетунда климаттын өзгөрүшү «жайылып, тездеп жана күчөп жаткандыгы» айтылды.

Жаңы климат отчетунда, глобалдык жылуулук менен бирге ысык аба ырайынын толкундары көбөйөөрү, жылуу мезгилдер узарып, суук мезгилдер кыскарары баса белгиленди.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш отчетко байланыштуу билдирүүсүндө, өлкөлөрдүн жаңы фоссилдүү отундарды издөөнү жана өндүрүүнү токтотушу керектигин айтып; энергияны кайра жаралуучу булактардан алууга чакырды.

Гутерриш коңгуроолордун жогорку деңгээлде экенин белгилеп: «Фоссилдүү отундарды колдонуудан жана токойлордун кыйылышынан келип чыккан парник газдары биздин планетаны тумчуктуруп, миллиарддаган адамдарды коркунучка салууда»,- деди.

«Күчтөрүбүздү бириктирсек климаттык апаатты алдын ала алабыз» деген Гутерриш: «Кечиктирүүгө жана шылтоого орун жок», деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз