Суббота, 18 мая

Сентябрда мектептер толук ачылат

0

Билим берүү жана илим министрлигинен таратылган маалыматка ылайык, мектептердин менен бала бакчалардын быйыл жаңы окуу жылында кадимки тартипте иштөөсү пландалууда. Мугалимдердин жана тарбиячылардын дээрлик көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүктөн окууну кадимки тартипту баштоого даярдык көрүлүүдө. Сентябрга чейин мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлеринин жетиштүү бөлүгүнүн вакцина алаары күтүлүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык окуучулардан милдетүү мектеп формасын кийип келүү талап кылынбайт.

Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар пандемияга байланыштуу былтыры март айынан тарта жабылган. 2020-2021-окуу жылында окуу жайлардын көпчүлүгү онлайн билим берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз