Суббота, 18 мая

Мегакомдо, НПОлордо иштеп эми Казакстанга элчи болгон Дюшекеев ким?

0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Дюшекеев Дастан Станбекович Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Буга чейин Дюшекеев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетеген.

Дюшекеев 12 декабрь 1987-жылы туулган.

2010-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен «чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер» адистигин алган. Кийинчерээк Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын да бүтүргөн.

Дюшекеев MegaCom деген ат менен таанымал «Альфа Телекомдо», Республикалык айлана-чөйрөнү коргоо фондунда иштеген.

2017-2018-жылдары Жогорку Кенештин депутатына кеңешчи болгон.

Эл аралык уюмдарда, өкмөттүк эмес уюмдарда, фонддордо кызмат өтөгөн. Андан соң бизнес проекттер менен алек болгон.

1-декабрь 2020-жылы Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалган.

Өткөн шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын Ысык-Көл облусундагы координатору болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз