Воскресенье, 5 мая

Жириновский: Кыргызстандын элчилигинин астына пикетке чыгабыз

0

Орус кызга калькулятор ыргыткан кыргыз жигитине байланыштуу окуя Орусияда актвидүү талкууланууда. Орусиянын Либерал-демократиялык партиясынын (ЛДПР) жетекчиси Владимир Жириновский өзүнүн телеграм-каналында бул окуя тууралуу мындай деп жазды: “Бир кыргыз кыргызча эмес орусча жооп берген кассирге калькулятор ыргытты. Советтерден кийинки аймакта каалаган акмак орустарды мазактоодо жана өлтүрүүдө. Украинадан Орто Азияга чейин! Буга качанкыга чейин чыдайбыз. Биз эртең эле Кыргызстандын элчилигинин астына пикетке чыгабыз, бул өлкөдөн орус элчисин чакырып алууну жана экономикалык алаканы үзүүнү талап кылабыз”.

Мурдараак Думанын эл аралык байланыштар боюнча комитетинин жетекчиси Леонид Слуцкий, Кыргызстандагы орустардын укугун тебелеген адамдарды Орусияга киргизбөөнү сунуштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз