Пятница, 3 мая

Назаралиев: Муфтий гүленчилер тобунун мүчөсү

0

«Бакай коомунун» жетекчиси Токтобай Назаралиев муфтий Замир Ракиевдин «Адеп Башаты» менен байланышы бар экенин, муфтийдин гүленизмди колдой турганын айтты.

«Бакай коомунун» жетекчиси Токтобай Назаралиев, укук коргоочу Анварбек Төлөмүшов жана «Бакай коомунун» мүчөсү Токтогул Султанов Муфтиятка жана муфтий Замир Ракиевке байланыштуу пресс-конференция уюштурду.

Алардын айтымында июнда болгон муфтийлик шайлоодо, УКМК Замир Ракиевдин муфтий болуп шайлануусуна шарт түзүү максатында муфтийликке талапкер Султан Гапуровду кармап кеткен. Анварбек Толомушев Курултайга делегат болгонуна карабай өзүн дагы УКМК кармап кетип Курултайга катыштырбай койгонун айтты. Пресс-конференцияны уюштургандар муфтийликке шайлоонун УКМАнын кийлигишүүсү жок кайрадан өткөрүлүшүн талап кылышты. Муфтий Замир Ракиевдин «Адеп Башаты» менен байланышы бар экенин, муфтий Гүлен тобунун мүчөсү  экенин айтышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз