Вторник, 14 мая

Айдоочулук күбөлүк алгансызбы? Автомектептерди кыскартуу сунушталууда

0

Жарандарды автомашина айдаганга окуткан мектептердин санын кыскартып, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин жетекчиси Ялкун Даутов билдирди.

Даутовдун ою боюнча, жол кырсыктарынын көп катталышынын эң негизги себеби коррупция болууда. Себеби айдоочуларды даярдаган 235 мектептин 119у лицензиялык талаптарга жооп бербейт жана жарандар айдоочулук күбөлүктү көбүнесе сатып алышат.

Даутов жол кырсыктарынын 50-70 пайызы айдоочулук күбөлүктү алганына бир жыл толо элек айдоочулардын катышуусунда болгонун эске салып, жеке мектептердин санын кыскартууну жана аларга мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады. Ал жарым жылдын ичинде 340 жаран жол кырсыгынан көз жумганын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз