Понедельник, 7 октября

Асылбек Жээнбековдун камактагы мөөнөтү узарды

0

Бишкек шаардык соту 11-августта Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго карата баш коргоо чарасын өзгөртпөй, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

Соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, ал 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.

“Кумтөр” иши боюнча Асылбек Жээнбеков менен катар Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, Өмүрбек Бабанов, учурдагы депутаттар Төрөбай Зулпукаров, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев дагы камакка алынган.

УКМК “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш ишин иликтөөдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз