Понедельник, 7 октября

Рафаэль Физиев Хабибдин ордун ээлейт

0

UFC уюмунун жеңил салмак боюнча мушкери, кыргызстандык Рафаэль Физиевдин акыркы жеңиши мекенибиздин атын дүйнөгө дагы бир жолу угузду. Жеңиштеринин саны өскөн сайын Рафаэлдин өзүнө болгон ишеними артып жаткандай. Ал UFCнин экс-чемпиону, орусиялык белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедовдун мушташуу стилин сынга алды. Физиев «Мен эч качан Хабибдин күйөрманы болгон эмесмин. Себеби мушташуу стилдерибиз таптакыр башкача. Мен муштум менен, ал болсо балбан. Хабиб күрөштө өтө күчтүү. Анын күрөшү менен каалаган адамды жеңсе болот. Бирок мага мындай стиль жакпайт» — деди.

Чын эле кыргызстандык Рафаэль Физиевдин мушташуу стили көпчүлүктүн купулуна толууда. Анын «Матрица» фильминдегидей соккудан качуусу өзгөчө кооз. Рафаэлдин мелдештерге ар дайым Кыргызстандын туусу менен чыгуусу да кыргыз элинин алкышын алууда. Айрым эксперттер Рафаэль Физиев Хабиб Нурмагомедовдун ордуна ээлеши толук мүмкүн экенин айтышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз