Пятница, 22 ноября

Тилекмат Кудайберген уулу ИИМди күнөөлөдү

0

Жарандык активист, «Туран» партиясын жакында Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо жетектеп чыккан Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу Ички иштер министрликти күнөөлөп, мекеменин 10-башкармалыгынын кызматкерлери аны камоого аракет кылып жатканын айтып чыкты.

“12-август күнү кечки саат 10дор чамасында Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын кызматкерлери төрт унаа менен үйгө келип кармап кеткенге аракет кылды. Булардын максаты көчөдө жүргөн жеринен кармап кеттик деп айтуу болчу. Бирок жанымда он чакты тааныш адамдар болгондуктан кармап кете алган жок. Булар мени камаганга аракет кылып жатышат” – деди.

Кудайберген уулу 12-августта жасалма номур таккан унаа аны аңдып жүргөнү тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз