Пятница, 17 мая

Коронавируска каршы 3 миң 676 адам эмдөө алды

0

Кыргызстанда өткөн суткада 3 миң 676 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 428 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 248 адам экинчи дозасын алган.

Өлкөдө жалпы 849 миң 576 адам эмдөөдөн өткөн, анын 586 миң 578и биринчи доза менен, 262 миң 998и экинчи доза менен эмделген.

Белгилей кетсек, COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Анда 18 жашка чейинки балдар, эмгек мигранттары камтылган эмес. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн максаттуу топко киргизилгендердин кеминде 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз