Пятница, 22 ноября

Бакыт Бакетаев Нью-Йорк сотун адилеттүү чечим кабыл алууга чакырды

0

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев Нью-Йорк сотун “Кумтөр” маселеси боюнча адилеттүү чечим кабыл алууга чакырды.

Ал: “Биз америка соту-адилеттүү сот экендигине ишенебиз. Канадалык ишкерлер бул жерде кандай иш жүргүзгөндүктөрүн эл билет. Алгач Кыргызстан “Кумтөрдүн” кенинин 70 пайызын, ал эми Канада болсо 30 пайызын алып турган. Убакыт өтүп Кыргызстан 30 пайыз, ал эми Канада 70 пайыз ала баштады. Эл аралык практикада эч бир өлкөдө өзүнүн жаратылыш ресурстарынан мындай баш тартуусу көрүлгөн эмес” -деди.

Эске сала кетсек,  активисттер Бишкектеги АКШ элчилигинин алдына Кумтөр алтын кенинин айланасындагы сот иштери боюнча акцияга чыгышты. Мындай жол менен алар дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн “Кумтөрдүн» айланасындагы талаш-тартышка бурууну көздөйт.

“Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын алтын кенди иштетип келген “Центерра Голд” компаниясы 31-майда билдирген. Компания Нью-Йорктогу сот жараяны «Кумтөр Голд Компани» менен «Кумтөр Оперейтинг Компаниге» каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кыларын маалымдаган.

8-июнда Нью-Йорктогу сотто бул иш карала баштаган. Судья Лиза Бекермандын макулдугуна ылайык, эки компанияны юридикалык же административдик жоопко тартуу, алардан доо өндүрүү же ал ишканалардын мүлкүн тартып алуу аракеттерине убактылуу чектөө коюучу буйрук ишке кирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз