Понедельник, 6 мая

Сатуучу кызды калькулятор менен чапкан жаран тергөө абагына киргизилди

0

Бишкектеги соода борборлордун биринде сатуучу кызды калькулятор менен чапкан 29 жаштагы Али Алимбаев аттуу жаран  Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына бир айга киргизилди. Бул тууралуу Октябрь райондук соту билдирди.

13-август күнү бул жаран шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган. Андан соң анын бөгөт чарасын Октябрь райондук соту карай турганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, 2-август күнү, Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда сатуучу кызды мас абалындагы жаран калькулятор менен чаап жиберген. Кийинчэреек белгилүү болгондой, ага сатуучу кыздын кыргызча сүйлөбөгөнү себеп болгон. Окуяны милиция териштирип, А. Алимбаев аттуу жаранды кармаган.

Аталган факт алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») менен каттоого алынган. Бирок кийин иш кайра 266-беренеге («Бейбаштык») өзгөртүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз