Пятница, 17 мая

Ооганстандагы кыргыз жарандары эвакуацияланат

0

Президент Садыр Жапаров КРнын Тышкы иштер министрлигине Афганистандын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын өз Мекенине тез арада эвакуациялоону тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле мамлекет башчысы министрликке Афганистандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүүнү тапшырган.

Мындан тышкары, ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга аймактагы өлкөлөр менен биргеликте региондогу коопсуздукту бекемдөө жана камсыз кылуу боюнча ишти активдештирүү жана бул багыттагы иш-аракеттерди тыгыз координациялоо тапшырмасы берилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз