Чек арачыларга Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши боюнча иш козголду

0

Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелерин жетектеп келген Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши боюнча иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, «шалаакылык» жана «чек арада кызмат өтөө эрежесин бузуу» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган түз эфир учурунда атайын кызматтын операциясынын жыйынтыгында Орхан Инанды кармалып, Түркияга алып келингенин билдирген.

Инанды Бишкекте 1-июлда дайынсыз жоголгон.

Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, Орхан Инандынын Кыргызстандын жана Түркиянын жарандыгы бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз