Вторник, 21 мая

Медиктерге 255 миллион сомдон ашуун кенемте төлөндү

0

Июлда милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) медициналык кызматкерлерге 255 млн 234 миң 855 сом кенемте төлөдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, республика боюнча COVID-19 менен күрөшүүдө эмгектенген  15 миң 606 саламаттыкты сактоо мекемесинин кызматкерлерине кенемте төлөнүп берилген. Алардын 3 миң 341 дарыгер, 6 миң 436 орто, 2 миң 211 кенже медициналык жана 3 миң 618 башка кызматкерлер.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз