Воскресенье, 19 мая

Талибан аткаминерлерге «мунапыс» жарыялады

0

Талибан Афганистанда баары үчүн «мунапыстык» жарыялады жана аялдарды администрацияда орун алууга чакырды.

Талибандын маданият комиссиясынын мүчөсү Энамуллах Самангани көзөмөлдөрүнө өткөн афган мамлекеттик телекөрсөтүүсүндө берген маалыматта баары үчүн «мунапыстык» жарыялашкандарын белгилеп, аялдарды администрацияда орун алууга чакырды.

Энамуллах Самангани аялдардын курмандыкка кетишин каалабагандарын жана администрацияда орун алууларын каалашкандарын белгилеп : «Өкмөттүн структурасы толук тактала элек, бирок тажрыйбабыздын негизинде  исламдык лидерлик болушу керек жана ага тиешеси бар бардык тараптар болушу керек»,- деди.

«Элдин азыркы учурда Талибандын баш ийишин күтүп жаткан исламдык эрежелерди билгендигин» баса белгилеген Самангани : «Элибиз мусулман, аларды исламга мажбурлабайбыз»,- деди.

«Талибан» кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Азыр анын кайда экени белгисиз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз