Пятница, 22 ноября

Кыргызстандыктар августтун аягында төрт күн эс алышат

0

Кыргызстандыктар августтун аягында төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта көрсөтүлгөндөй, дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында «Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө» атайын токтом кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 10-майындагы дем алыш күнү 2021-жылдын 30-августуна которулат. Ушуга байланыштуу кыргызстандыктар 28-августтан 31-августка чейин эс алышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз