Пятница, 17 мая

Евробиримдиги талибандын жеңишин тааныды

0

Европа биримдигинин (ЕБ) өкүлү Жозеп Боррель Кабулду ким ээлеп тургандыгына карабай байланышта болуу керектигин айтты.

«Талибан» согушту жеңди, андыктан миграциялык жана гуманитардык каатчылыктын алдын алуу үчүн ким экенине карабай Кабулдун жаңы бийлиги менен сүйлөшүү керек», — деген Боррель.

Өкүл талибдерди Афганистандагы бийлик катары таануу алардын мындан кийинки кадамдарынан көз каранды экенин белгиледи. Мында кеп калктын бардык катмары кирген өкмөткө бийликти тынч өткөрүп берүү жана өлкө жашоочуларынын укугун коргоо тууралуу болуп жатат. Азырынча талибдердин бийликке келишин таануу эмес, диалог тууралуу сөз жүрүп жатканы айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз