Суббота, 4 мая

ЕАЭБ саммити кандай өттү?

0

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны жыйынтыкталды. Анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.

19-августта тар чөйрөдөгү жыйын өтүп, бирок ага пресса катышкан жок. Ал эми бүгүн, 20-августта, кенен чөйрөдөгү отурум болуп өттү. Күн тартибине көптөгөн маселелер киргизилген. Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдары боюнча маселелерди карашты.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өттү. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жыйындын соңунда Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович тоскоолдуктан сырткары башка дагы бут тосуулар бар экенин билдирди. Жыл соңуна чейин көйгөйдү жолго коюу пландалууда.

Аягында өкмөт башчылары буйрук, тапшырма жана чечимдерден турган 15 документке кол коюшту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз