Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин президенттери бүгүн, 23-августта видеоконференция форматында чогулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чарада Афганистандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу талкууланат.
Сессия Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтөт.
Иш-чарага Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась катышаары күтүлөт.