Воскресенье, 19 мая

Төрт миңден ашуун адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

0

Сутка ичинде 4 миң 869 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 181 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 688 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 635 миң 867 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 356 миң 215 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз