Воскресенье, 5 мая

Олимпиада оюндарынын байге ээлерине сыйлыктар ыйгарылды

0

Токио Олимпиада оюндарында медаль алган Айсулуу Тыныбекова менен грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудовго II даражадагы «Манас» ордени жана 10 миллион сомдук акчалай сыйлык ыйгарылды. Мындан сырткары, Toyota RAF 4 унаа белекке берилди.

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова президенттин колдоосуна ыраазычылык билдирип, 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышарын билдирди.

Ушундай эле сыйлык менен грек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын күмүш медалын уткан Акжол Махмудовго да берилди.

Ал эми Олимпиадада күрөш боюнча коло медаль уткан Мээрим Жуманазарова болсо III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, 7 миллион сом акчалай сыйлык жана президенттин колунан Toyota RAF 4 автоунаанын ачкычын алды.

Белгилей кетсек, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов (күмүш), Айсулуу Тыныбекова (күмүш) жана Мээрим Жуманазарова (коло) байгелүү орундарды ээлешкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз