Воскресенье, 19 мая

Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына катыша турганын айтты

0

Токио Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Парижде өтө турчу Олимпиадага катыша турганын айтты.

“Буйруса, ден соолукта болсом, Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышам. Алтын медаль алууга болгон күчүмдү жумшайм. Бардыгыңыздардын колдооңуздарга жана ишенимиңиздерге ыраазычылык билдирем”, — деди Тыныбекова.

Учурда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынан медаль алган спортчулар менен Кыргызстандын курама командасына сыйлык тапшыруу аземи өтүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз