Пятница, 22 ноября

ПЧР тест тууралуу документ жасап саткандар боюнча журналисттик иликтөө жарыяланды

0

Кыргызстанда коронавирус боюнча ПЧР тест тууралуу жасалма анализ кагазын cаткандар жөнүндө «Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар» деген журналисттик иликтөө жарыяланды. Иликтөөнү Али Токтакунов журналист Мээрим Сырдыбаева менен биргеликте жүргүзгөн. Иликтөө коомчулукка 23-августта жарыяланган.

Анда ПЧР анализдин коронавирус жоктугун тастыктаган жасалма жыйынтыгын каалоочулар 1700-3000 сомго эч тоскоолдуксуз сатып алса болору көрсөтүлгөн жана ири лабораториялардын аты аталган.

Лаборатория өкүлдөрү жасалма анализдерге тиешеси жоктугун, алардын атын саткан шылуундар ошондой менен алектенип жатканын билдиришкен.

Коронавирус бар же жогун аныктоо үчүн ПЦР тестти лабораториядан 1700-2400 сомго тапшырса болот.

Оорусу жоктугун тастыктаган кагазды өлкөнүн чек арасынан чыгып жатканда коңшу өлкөлөрдүн тийиштүү кызматтары талап кылышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз