Пятница, 20 сентября

Түркия менен Орусиянын ортосунда виза жеңилдиги башталды

0

Мевлүт Чавушоглу Антальянын Белек районунда жолугушкан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен бирге маалымат жыйын өткөрдү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия менен Орусиянын ортосунда расмий паспорт ээлерине жана жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына виза жеңилдиги тууралуу документке Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин кол койгонун айтты.

Чавушоглу Түркия-Орусия Федерациясынын биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун жыйналышынын жетинчисин уюштургандарын жана ушундан улам Лавров орус делегациясын Антальяда тосуп алганы үчүн кубанычта экенин айтты.

Сергей Лавров менен ар бир мүмкүнчүлүктө жолуккандарын белгилеген Чавушоглу, эки тараптуу жолугушууларды, аймактык темаларды талкуулагандарын айтты.

Лидерлердин тең төрагалыгында 8-апрелде Орусиянын борбор шаары Москвада боло турган Түркия-Орусия Өкмөттөр аралык кызматташтык кеңешинин жыйналышынын алдында бир топ эки тараптуу теманын каралганын белгилеген Чавушоглу: «Виза проблемасынын чечилиши темасында лидерлерибиз ортого салган эрктин алкагында Сергей Лавров менен иштешүүдөбүз. Бир жерден баштадык. Расмий паспорт жана жүк машинасын айдоочуларга карата виза жеңилдиги темасында бир документке урматтуу Путин кол койду. Муну ишке ашыруу тууралуу иштерди улантуудабыз. Биздин күтүүбүз атуулдарыбыздын толугу менен визасыз тартипке өтүшү»,-деп айтты.

Чавушоглу Орусия менен бир гана эки тараптуу карым-катнаштар эмес, аймактык темалардагы кызматташтыкты да күчтөндүргөндөрүн айтты.

АКШнын Сенатына Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларын алгандыгына байланыштуу Түркияга F-35 согуштук учактарынын өткөрүлүшүнүн токтотулушун көдөгөн мыйзам долбоорунун сунушталганы боюнча Чавушоглу: «Принцип катары эки өлкөнүн ортосундагы келишимге үчүнчү бир өлкөнүн каршы чыгуусу жана башкача чечим чыгаруусу эл аралык укукка терс таасир берет. «Мен мындай каалаймын, ушундай болот» аң-сезиминин тура эместигин бүткүл дүйнө көрүшү керек. Биз бул келишимге баш ийебиз, үчүнчү өлкөгө сатуу сыяктуу бир нерсе жок. Өз муктаждыгыбыз үчүн алуудабыз»,-деп айтты.

Сергей Лавров жолугушууларда маданият жана туризм темалары менен катар аскердик жана коргонуу тармактарындагы кызматташтык жана Сирия маселелерин карап чыккандарын айтты.

Сөзүндө АКШнын Голан дөңсөөлөрү тууралуу чечимине токтолгон Лавров, бул теманын Израилде боло турган шайлоолор менен байланыштырылганын, бирок окуянын башка жагынан алганда «мен бардык нерсени жасай алам» деген көкүрөк көтөрүү болгонун айтты.

Лавров: «Бул эл аралык укукка терс таасир берет. Ар түрдүү эл аралык укук бузулду жана тебеленди»,-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз