Пятница, 22 ноября

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү ишкана курулат

0

Бишкек шаардык мэриясы түрк фирмасы менен биргеликте таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана курат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ишкананы Бишкектеги таштанды полигонунун аймагына куруу пландалууда. Буга байланыштуу бүгүн борбор калаанын мэринин м.а. Айбек Жунушалиев полигондун аймагын көрдү.

Белгилей кетсек, компаниянын Түркияда таштандыны кайра иштетүүчү 18 ишканасы бар. Завод калдыктарды сорттоодон иштетүүгө чейин толук циклга ээ болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз