Понедельник, 20 мая

Талибдер Афганистандын башкаруу формасын аныктады

0

«Талибан» кыймылы Афганистандын башкаруу формасын аныктады. Бул тууралуу Foreign Policy агенттиги маалымат таратты.

Ага ылайык, талибдер 12 адамдан турган кеңеш түзүүгө белсенип жатат. Анын курамына талибдердин саясий кеңсесинин жетекчиси мулла Абдул Гани Барадар, мулла Мухаммед Якуб, «Талибан» кыймылынын негиздөөчүсүнүн уулу Мухаммед Омар, «Хаккани тармагы» аттуу террордук топтун жогорку кызматтагы мүчөсү Халиль аль-Рахман Хаккани кирет.

Ошондой эле басылма талибдер Панжшердеги каршылык көрсөтүү кыймылынын башында турган Ахмад Масудду дагы мына ушул башкаруу кеңешине киргизүү сунушталганын белгилейт.

Маалымат булагынын айтымында, “Талибан” Ооганстанда жеке адамдын бийлигине негизделген президенттик кызматты калыбына келтирүүнү каалабайт. Бирок ошол эле кезде министрлик кызматтар мурдагы өкмөттүн мүчөлөрүнө сунушталышы мүмкүн экени айтылды.

Мындан сырткары талибдер эл аралык коомчулук кабыл алып, ал үчүн ыңгайлуу боло тургандай администрация түзүүнү көздөп жатканы айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз