Вторник, 21 мая

Талибдер 31-августтан кийин адамдарды эвакуациялоого тыюу салат

0

Талибан» кыймылы 31-августтан кийин Афганистандан адамдарды эвакуациялоого тыюу салат. Бул тууралуу талибдердин өкүлү Забихулла Муджахиддин айтты.

Ал: «31-август — бөлүнгөн убакыттын акыркы күнү. Бул убакыттан кийинкиси келишимге каршы келет. Бардык адамдар бул күнгө чейин чыгарылып кетүүсү керек»-деди.

Буга чейин АКШнын Өкүлдөр палатасынын чалгын иштери боюнча комитетинин төрагасы Адам Шифф АКШнын жарандарын Афганистандан 31-августка чейин чыгарып кетүүдөн күмөн санап, алардын миссиясын узартуу тууралуу айткан. Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден АКШнын жарандарын толук чыгарып кетмейинче аскерлер Кабулду таштап кетпей тургандыгын белгилеген.

Ал арада Пентагон мурдагыдай эле аскерлерди 31-августка чейин чыгарып кетебиз деген максат коюп жатканы айтылды. Коргоо министрлигинин өкүлү Жон Кирби билдиргендей, Вашингтон кетүүнү каалаган, өмүрүнө коркунуч туулган бардык АКШ жарандарын жана афганистандыктарды чыгарып кетет. Америка ошол эле учурда эвакуация иштерине талибдер да жардам бериши керектигин айтышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз