Суббота, 18 мая

Коронавирус менен күрөшүүдө каза болгон дарыгерлерге эстелик орнотулат

0

Министрлер кабинети кечээ, 24-августта кезектеги жыйынга чогулушту. Жыйында пандемияга каршы күрөштө каза болгон дарыгерлердин урматына мемориал орнотуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын борбордук аллеясындагы музейдин жанына мемориал орнотуу чечими кабыл алынды.

Кыргызстанда коронавирус оорусунан жалпы 108 медицина кызматкери көз жумду. 2020-жылы кыргыз өкмөтү иш учурунда коронавирус жуктуруп, каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте берилерин убада кылган.  Быйыл бул сумма өзгөрүп, 2,8 млн. сомго көтөрүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз