Суббота, 18 мая

Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди (Тизме)

0

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Ага ылайык, Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди. Курамы:

  • Кыргызстандын президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы — Садыр Жапаров;
  • Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары — Таалатбек Масадыков;
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы — Марат Иманкулов;

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү:

  • Жогорку Кеңештин төрагасы — Талант Мамытов;
  • Министрлер кабинетинин төрагасы — Улукбек Марипов;
  • Президенттин администрация башчысы — Сүйүнбек Касмамбетов;
  • мамлекеттик катчы — Чолпонбек Абыкеев;
  • башкы прокурор — Курманкул Зулушев;
  • коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — коргонуу министри Таалайбек Өмүралиев;
  • тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — ТИМ жетекчиси Руслан Казакбаев;
  • өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — ӨКМ жетекчиси Бообек Ажикеев;
  • ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков;
  • улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз