Суббота, 4 мая

Дүйнөлүк банк Ооганстанга жардам берүүнү токтотту

0

Дүйнөлүк банк Ооганстандагы операциялары үчүн төлөмдөрдү токтотконун жарыялады.

Дүйнөлүк банктын өкүлү тарабынан жасалган билдирүүдө, Ооганстандагы кырдаалга жана өлкөнүн, айрыкча аялдардын өнүгүү келечегине тийгизген таасирине «терең тынчсыздануусу» баса белгиленди.

Билдирүүдө, «Биз Ооганстандагы операцияларыбызда төлөмдөрдү токтоттук, биз ички саясатыбызга жана жол -жоболорубузга ылайык кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп, баа берип жатабыз»,делди.

Банк эл аралык коомчулук жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз консультацияларды уланта берет жана өнүгүүнүн татыктуу жетишкендиктерин сактап калуунун жолдору изделип жатканын жана Ооганстан элин колдоону уланта берерин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз