Талибдер Ооганстандын борбору Кабулду басып алгандан кийин эвакуация кыймылы башталган «Хамид Карзай» эл аралык аэропортунун жарандык авиация бөлүмүнө бүгүн орус учактары конду.
АКШ дагы, Талибан дагы Ооганстандан эвакуациялоонун акыркы мөөнөтү деп жарыялаган 31-августка аз убакыт калганда эл аралык аэропорттогу иштер уланууда.
Ооганстандан кетүүнү каалаган чет өлкөлүк кызматкерлер жана афгандар паспорттук процедуралар аяктагандан кийин учактар менен эвакуацияланууда.
«Хамид Карзай» эл аралык аэропортунун жарандык авиация бөлүмүнө эртең менен Орусиянын Аба күчтөрүнүн Ильюшин Ил-76 МД тибиндеги үч стратегиялык жүк ташуучу учагы жана Ильюшин Ил-62 жүргүнчү учагы конду.
4 учак менен кошо эвакуация иштери үчүн орусиялык кызматкерлердин да Кабулга келгени байкалды.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги, президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен 500 орус, Украина, Беларусь, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандары Ооганстандан 4 учак менен чыгарыла турганын билдирди.