Понедельник, 20 мая

Ооганстандан эвакуацияланган кыргызстандыктарды ташыган учак Кантка конду

0

Орусиянын Коргоо министрлигинин учактары “Кант” аскердик аэродромуна Ооганстандан эвакуацияланган кыргызстандыктарды алып келди. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

“Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин 2 аскердик-транспорттук авиация учагы Кыргыз Республикасынын Канттагы аэродромуна Афганистан Ислам Республикасынан эвакуацияланган жарандарды алып келди”-деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги, президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен 500 орус, Украина, Беларусь, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандарын Ооганстандан чыгара турганы айтылган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз