Суббота, 18 мая

Жаңы окуу жылы салттуу режимде башталат

0

15-сентябрдан тартып Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуу кадимки тартип менен башталат. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев белгилегендей, өлкөнүн билим берүү уюмдары 2021-2022-жаңы окуу жылына салттуу режимине даяр жана окуу процесси санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтөт.

Белгилей кетсек, оффлайн-режиминде окутууну баштоонун маанилүү шарттарынын бири –билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин 70%ын эмдөө. Бүгүнкү күнгө карата 55,8 %ы COVID-19га каршы эмделген, бул 61 миң 457 адам.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов коллективдүү иммунитетин түзүү үчүн эмдөөнүн жүрүшүн күчөтүүнү жана пайызды 70 %га жеткирүүнү, ошондой эле окуучулардын жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин арасында коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз