Понедельник, 25 ноября

Коронавирус беш адамдын өмүрүн алды

0

Кыргызстанда суткада коронавирус дагы 229 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 111, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 52, Ош облусу – 6, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 33, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусу — 8 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 422 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 215 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 643 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 813 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 168 миң 12 киши айыгып чыкса, 2 миң 503 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз