Пятница, 17 мая

COVID-19: Кыргызстанда 1-10-сентябрда коронавируска каршы эмдөө боюнча жалпы акция өтөт

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар темалар талкууланды, анын ичинде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, калкты COVID-19га каршы эмдөөнүн жүрүшү, COVAX механизминин жана башка эл аралык долбоорлордун алкагында вакциналар менен пландуу камсыздоо талкууланды.

Жылдыз Бакашова коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооруп жаткандардын күнүмдүк катталган санынын азайышы боюнча оң тенденцияны белгиледи, бирок ошол эле учурда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин милдеттүү түрдө сакталышын эске салды.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары коллективдик иммунитетти калыптандыруу үчүн эмдөөнүн темпин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Республикалык штабдын мүчөлөрү тарабынан Кыргызстанда 1-10-сентябрда COVID-19га каршы эмдөө боюнча жалпы акция өткөрүү сунушталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз