Четверг, 2 мая

Бүгүн коронавирус дагы 215 адамдан табылды

0

Кыргызстанда суткада коронавирус дагы 215 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 66, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 53, Ош облусу – 3, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусу – 13 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 371 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 169 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 333 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 224 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 168 миң 769 киши айыгып чыкса, 2 миң 513 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз