Воскресенье, 12 мая

Нарында жол кырсыгы болду

0

Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак-Орук-Там унаа жолунун 23-чакырымында (Лахол айылы) “Subaru Forester” жана “Нива” үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.

Кырсыктын кесепетинен 7 адам (аты-жөндөрү такталууда) ар кандай жаракаттарды алышкан. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Куткаруу иштерине Кочкор райондук №42 өрт куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз